1967-жылы 18-майда Талас областынын Кара-Буура районуна караштуу Бейшека айылында туулган.
Жогорку билимдүү.
1991-жылы Фрунзе политехникалык институтунун «Унаа жана унаа чарбалык» автоунаа куруу бѳлүмүн;
2002-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин Юридикалык бѳлүмүн;
2004-жылы Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясын ийгиликтүү аяктаган.
Иш тажрыйбасы:
1992-1994 жж. - Кыргыз Респуликасынын илимдер Академиясында алгачкы ишмердигин баштаган.
1995-1996 жж. – Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлигинин Консулдук башкармалыгында - үчүнчү жана экинчи катчы болуп эмгектенген.
1996-1999 жж. - Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы (Туркия) Башкы консулдун орун басар кызматында ишеген.
1999-2005жж. - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызматтын башкы башкармачылыгында – башкармачылыктын жетекчиси болуп ишеген.
2005-2009 жж. - Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы (Туркия) Башкы консул кызматында ишеген.
2009-ж. январь-октябрь – Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин биринчи орун басары болуп дайындалган.
2010-ж. апрель – Кыргыз Республикасынын Убактылуу ѳкмѳтүнүн Тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу кызматына дайындалган.
2010-ж. декабрь – 2012-ж. сентябрь – Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри кызматында ишеген.
2012-ж. октябрь-ноябрь – Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына «Республика» саясий партиясынан талапкер болгон.
2015 ж. – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын «Республика – Ата Журт» саясий партиясынын депутаты болуп шайланган.
Үй-бүлѳлүү, алты баланын атасы.