1970- жылдын 19 октябрында Ош облусунун Өзгөн районунда туулган.
Жогорку билимдүү. 1993-жылы Алматыдагы технологиялык институтун «инженер» адистиги боюнча бүтүргөн.
Эмгек жолун 1993-жылы Ош облусунун Өзгөн районундагы “Т. Каримов атындагы Өзгөн дан-азык” акционердик коомдо иштөө менен баштаган.
1998-2013-жылдары Ош облусунун Өзгөн районундагы “Т. Каримов атындагы Өзгөн дан-азык” акционердик коомдун төрагасы болуп иштеген.
2013- жылда Ош облусунун Өзгөн районун Өзгөн шаарынын мэри болуп шайланган.
2015-жылдын 4-октябрында Кыргызстан Социал-демократиялык партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.
Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы.