1967-жылы 24-августта Ош областын, Өзгөн районун, Жалпак-Таш айылында туулган.
БИЛИМИ
1988-1993-жж. К. И. Скрябина атындагы
Кыргыз айыл-чарба институту, ветеринардык факультети
Адистиги: Ветеринардык врач
ЭМГЕК ЖОЛУ:
1986-1988-жж. Советтик Армияда кызмат кылган (Орусия);
1993-1996-жж. Өзгөн районунун «Ничкесай» колхозунун башкы зоотехник-ветеринар врачы;
1996-1999-жж. Өзгөн районунда «Баштык» дыйкан чарбачылыгында башкы бухгалтер;
1998-2001-жж. Ош областынын Өзгөн району боюнча “Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо” уюмунун директору;
2001-2005-жж. «МЕДЕКС» ЖЧКнын коммерциалык директору;
2005-2009-жж. «Содружество» ЖЧКнын соода комплексинин администратору;
2009-2012-жж. «Арбий» ЖЧКнын аткаруучу директору;
2012-2013-жж. “АСАГА+” ЖЧКнын директору;
2015-ж. “Сиблес Азия” ЖЧКнын директору;
2018-ж. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты.
КООМДУК ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ:
2001-2004-жж. «Достук» коомдук уюмунун башкармалыгынын мүчөсү;
2005-ж. Красноярск шаарындагы «Кыргыз улуттук маданий автономия» коомдук уюмунун өкүлү;
2010-ж. «Кыргыз улуттук маданий автономия» жергиликтүү уюмунун ардактуу төрагасы.