1971-жылы 13-январда Фрунзе шаарында төрөлгөн.
Жогорку билимдүү. 2012-жылы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын “юрист” адистиги боюнча бүтүргөн.
Эмгек жолун 1988-жылы Фрунзедеги политехникалык институттун комсомолдук комитетинде эсепке алуу секторунун статисти болуп баштаган.
1991-1993-жылдары Кыргызстандын Биринчи май РК ЛКСМинде сектор башчысы болуп иштеген.
1994-2009-жылдары КСДП партиясынын Аппаратында секретарь, уюштуруу бөлүмүнүн башчысы, КСДП партиясынын төрагасынын уюштуруу жумуштары боюнча орун басары болгон.
2009-2010-жылдары Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын тизмеси боюнча IV чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.
2010-жылы Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппаратында мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын жооптуу катчысы болгон.
2011-2012-жылдары «Кыргызтелеком» ААКсынын директорлор кеңешинин мүчөсү;
2012-2015-жылдары Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын жооптуу катчысы;
2015-жылдын 4-октябрында Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.
Үч баланын энеси.