1961-жылы 9-сентябрда Чүй областына караштуу Жайыл районунун Суусамыр айылында туулган
Жогорку билимдүү. 1985-жылы Алма-Ата (Казакстан) шаарындагы Алма-Ата технологиялык техникумду “механик” кесипчилигин аяктаган, андан соң 1990-жылы Москвадагы бүткүл союздук тамак аш боюнча сырттан окуу институтунун “экономист” адистигине ээ болгон.
Өзүнүн эмгек жолун 1984-жылы Фрунзе шаарындагы “Коопторгтехника” заводунун аммияктык участкасында механик болуу менен баштаган.
1984-жылдан 1992- жылга чейин Биринчи май дүң-чекене жашылча-жемиш конторасында даярдоочу болуп иштеген.
1992-1999-жылдар аралыгында Шампан-шарап комбинатында сатып өткөрүү бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген, “Кыргызшампан-Комекс” соода үйүнүн биргелешкен ишканасында директорлук кызматты аткарган.
Азыркы учурда “Байтур” корпорациясынын уюштуруучусу жана Президенти болуп эсептелинет.
2015-жылдын 4-октябрында "Кыргызстан" саясый партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.
Үй-бүлөлүү, 3 баласы бар.
1982-жылы “Байкал-Амур магистралынын курулушу үчүн” СССРдин медалы менен сыйланган.
2003-жылы Париж шаарында (SPI) Өнөр жай көмөктөшүүсүнүн Ассоциациясынын алтын медалы менен сыйланган.
2004-жылы Париж шаарында (SPI) Өнөр жай көмөктөшүүсүнүн Ассоциациясынын “Напалион” алтын медалы менен сыйланган.
2004-жылы “Кыргызстанда Жылдын тандоосу” номенациясынын жэңүүчүсү;
2005-жылы “Сапат үчүн” аттуу Европалык гран-при сыйлыгынын жеңүүчүсү (Женева, Швейцария);
2006-жылы “Эл аралык уюмдардын башкаруу жана өндүрүштөгү жетишкендиги” үчүн конкурсунун жеңүүчүсү (Лондон, Улуубритания).
2006-жылы “КМШнын кызматташтык жана интеграция 15 жылдыгына” карата уюштурулган мамлекеттер арасындагы көргөзмөнүн мыктысы деп табылган.
2011-жылы Кыргыз Республикасынын “Данк” медалы менен сыйланган