Кыдыралиев Умбеталы Токторалиевич

Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети
19
Жыйынга келген жок
1572
Добуш
24
Демилге

Баруу статистикасы

26
Келди
1
Жок болду
46
Келди
13
Жок болду
49
Келди
4
Жок болду
19
Келди
1
Жок болду

Таржымал

1967-жылдын 16-августунда Жалал-Абад областынын Аксы районуна караштуу Таш-Көмүр шаарында туулган. Жогорку билимдүү. 1990-жылы Луцк мамлекеттик университетин боюнча, 1995-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин “юриспруденция” адистиги боюнча, 2005-жылы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы “Мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу” адистиги боюнча бүтүргөн. Эмгек жолун 1991-жылы “Капитал” коммерциялык уюмунун директору болуп иштөө менен баштаган. 1996-жылы - “Бишкек-Тамекиси” АКунын башкармалыгынын төрагасынын орун басары. 1998-2004-жылдары - “Капитал-Контракт” ЖЧКнын башкы директору. 2000-жылы - Кыргыз Республикасынын Улуттук Бокс Федерациясынын президенти. 2004-2005-жылдары - Кыргыз Республикасынын курамаларын олимпиадалык даярдоо борборунун директору. 2005-жылы - Кыргыз Республикасынын Туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитеттинин Төрагасынын орун басары. 2005-2006-жылдары - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин Төрагасынын орун басары. 2004-жылы - Бишкек шаардык кеңешинин депутаты. 2006-2010-жылдары - Алматы шаарында Кыргыз Республикасынын башкы консулу. 2011-2012-жылдары - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору. 2015-жылы - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Республика- Ата Журт” фракциясынын депутаты. “Республика- Ата Журт” парламенттик фракциясынын лидеринин орун басары. Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы.

Депутаттын демилгелери

Кийинкисин көрсөтүү
«Мамлекеттик ипотекалык турак жай насыясы жөнүндө» Мыйзамдын долбоору
Кабыл алынды
Каттоо номери : Номери: 6-9604/16
Күнү: 12.04.2016