1964-жылдын 18-октябрында Нарын областында туулган.
Жогорку билимдүү. 1986-жылы Новосибирcктеги жогорку аскердик-саясый окуу жайын, 2002-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы магистратурасын «Менеджмент» багыты боюнча ийгиликтүү аяктаган. 2008-жылы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынын «Эл аралык мамилелер» адистигин аяктаган. 2011-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик университетин «Финансы жана кредит» адистиги боюнча «Экономист» квалификациясы ыйгарылган.
Эмгек жолун 1986–1991-жылдары СССРдин коргоо министрлигинде аскердик-саясий кызматтарда иштеп баштаган.
199-2001-жылдары биргелешкен «Торугарт-Транзит» кыргыз-кытай ЖЧКсынын башчысы.
2001-2002-жылдары Мергенчилик ресурстарды көзөмөлдөө жана коргоо башкы башкармалыгынын (Главохота) башчысы.
2002-2004-жылдары Кыргыз Республикасынын Президентинин башкармалыгынын башчысынын орун басары.
2004-жылы Республикалык жаратылышты коргоо фондунун башчысы. 2005–2006-жылдары Кыргыз Республиканын Президентинин башкармалыгынын башчысы.
2007-2012-жылдары Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Бишкек, Чуй жана Талас областтары боюнча аймактык бөлүмүнүн жетекчиси.
2015-жылдын 4-октябрында VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.
VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары.
Үй-бүлөлүү, 5 баланын атасы.