1965-жылдын 13-апрелинде Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу А.Орозбеков атындагы айылда төрөлгөн.
Жогорку билимдүү. 1990-жылы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтунун Педагогика факультетин, 1999-жылы Кыргыз улуттук университетинин Юридика факультетин бүтүргөн.
Эмгек жолун 1982-жылы "Кадамжай" совхозунда автослесарь болуп иштөөдөн баштаган.
1990-1993-жылдары Бишкек шаарындагы Суворов атындагы аскер окуу жайында взводдун командири;
1994-1997-жылдары "Elegant" кыргыз-түрк биргелешкен ишканасында директордун орун басары;
1997-1999-жылдары "Грант" кыргыз-түрк биргелешкен ишканасында директордун орун басары;
2000-2003-жылы жеке ишкерлик менен алектенген.
2004-2010-жылдары "Балчы" ЖЧКнын директору;
2010-жылы Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.
2015-жылыдын 4-октябрында Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.