Маматалиев Марлен Абдырахманович

Бюджет жана финансы боюнча комитети
6
Жыйынга келген жок
467
Добуш
22
Демилге

Баруу статистикасы

35
Келди
4
Жок болду
18
Келди
2
Жок болду

Таржымал

1981-жылы 24-мартта Бишкек шаарында туулган. Жогорку билимдүү. 2002-жылы «Автоматташтыруу жана башкаруу» адистиги боюнча И.Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинин Маалыматтык технологиялар факультетин аяктаган – бакалавр даражасы. 2003-жылы «Автоматташтыруу жана техникалык системаларды башкаруу» адистиги боюнча И.Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинин Маалыматтык технологиялар факультетин аяктаган – жогорку билим (магистратура). 2011-жылы «Финанс жана кредит» адистиги боюнча Кыргыз экономикалык университетин бүтүргөн. Иш тажрыйбасы: 2003-2004 жж. – КР Социалдык фонду, программалык камсыз кылуу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси; 2004-жылдын март айынан ноябрь айына чейин - КР Социалдык фонду, программалык камсыз кылуу бөлүмүнүн башкы адиси; 2004-2006 жж. - КР Социалдык фонду, программалык камсыз кылуу бөлүмүнүн жетекчиси, башкармалыгынын жетекчиси; 2006-жылдын апрель айынан декабрь айына чейин - КР Социалдык фонду, Маалыматтык системалар башкармалыгынын жетекчиси; 2006-2008 жж. - КР Экономика жана финансы министрлиги, маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы; 2008-жылдын май айынан декабрь айына чейин – КР Финансы министрлиги, министрдин жардамчысы; 2007-2008 жж. – КР Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлиги, министрдин жардамчысы; 2008-2009 жж. – КР Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлиги, министрдин кеңешчиси; 2009-жылдын март айынан ноябрь айына чейин - КР Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлиги, Уюштуруу-кадр иштери жана финансылык камсыз кылуу башкы башкармалыгынын жетекчиси; 2009-2010 жж. – КР Өкмөттүн Аппараты, Биринчи вице-премьер-министринин кеңешчиси; 2010-жылдын август айынан ноябрь айына чейин - «Ар-Намыс» Саясий партиясы, Аппарат жетекчиси; 2010-2011 жж. – КР Жогорку Кеңеши, «Ар-Намыс» депутаттык фракциясынын бөлүм башчысы; 2011-2012 жж. – КР Экономикалык жөнгө салуу министрлиги, статс-катчысынын милдетин аткаруучу; 2012-жылдын январь айынан сентябрь айына чейин – КР Өкмөттүн Аппараты, реалдуу сектор бөлүмүнүн башчысы; 2013-2016 жж. – «СУ-12» ЖАК, Башкармалыгынын Төрагасы; 2016-2018 жж. – «Аллор Строй Сервис» ЖАК, Башкы мүдүрү; 2018-жылдын 13-мартынан тартып - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын «Республика – Ата Журт» саясий партиясынын депутаты. Сыйлыктары: - «Социалдык кызматкеринин отличниги»; - «Финансылык-экономикалык кызматкеринин отличниги»; - «Соода-экономикалык кызматкеринин отличниги»; - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан ысымы жазылган саат менен сыйланган; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы. Самбо боюнча спорт чеберлигине талапкер. Төрт баланын атасы.

Депутаттын демилгелери

Кийинкисин көрсөтүү