1950-жылы 19-майда Ош облусунун Өзгөн районунун Жалпак-Таш айылында туулган.
Жогорку билимдүү, 1969-жылы Москвадагы И.М.Губкин атындагы нефтехимиялык институтунун нефте-газ өндүрүшү факультетине кирип, 1974-жылы инженер-механик адистиги боюнча бүтүргөн.
1966-1969-жылдары «Куршаб» совхозунда жумушчу, «Ленин» атындагы орто мектепте мугалим болуп иштеген.
1974-жылы «Ошгаз» ишканасында катардагы инженердик кызмат иштеп баштап, аталган ишканада 1983-жылга чейин башкы инженер кызмат ордунда эмгектенген.
1983-жылы Мамлекеттик мунайзат өнүм ишканасынын Ош аймактык башкармалыгына бөлүм башчысы кызмат ордуна которулган.
1983-жылы Таш-Көмүр мунайзат базасына директор болуп дайындалган.
1991-жылдан 1996-жылга чейин Жалал-Абад облусундагы Мамлекеттик мунайзат өнүм ишканасында генералдык директор кызмат ордунда иштеген.
1996-жылдан 2006-жылга чейин мунайды кайра иштетүүчү «Кыргыз Петролиум Компани» заводунда генералдык директор болуп эмгектенген.
2006-жылдан тартып 2010-жылга чейинки мезгилде Жалал-Абад шаарындагы «Мунайзат» жабык акционердик коомунун (ЖАКынын) директорлор кеңешин жетектеген.
2010-жылдын 10-октябрында «Ата Мекен» саясый социалисттик партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутат болуп шайланган.
2016-жылдын 22-январында Ата-Мекен» социалистик партиясынын тизмеси менен VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланды.
Бир нече жолу Жалал-Абад облусунун жергиликтүү кеңештерине депутат болуп шайланган.
«Мамлекеттик кызматтын III класстагы кеңешчиси» класстык чени бар.
Ийгиликтүү жетишкендиктери үчүн шаардык, облусттук, мамлекеттик органдардын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамоталары менен сыйланган.
Үй бүлөлүү, беш баласы бар.