1960 - жылдын 21маянда Ош облусунун Ош шаарында туулган.
Жогорку билимдүү. 1982 - жылы СССР дин 50 жылдык атындагы Кыргыз мамлекеттик университетин « тарыхчы » адистиги боюнча, 1994 -жылы СССР дин 50 жылдык атындагы Кыргыз мамлекеттик университетин
« юрист » адистиги боюнча бүтүргѳн.
Эмгек жолун 1982 – жылы СССР дин 50 жылдыкатындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин КПСС тарыхы кафедрасында мугалим болуп иштѳѳменен баштаган.
1985 – 1986 жылдары СССР дин 50 жылдыкатындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Совет доорунун тарыхы кафедрасында мугалимболуп иштеген.
1989 – 1993 жылдары ички иштер органдарында кызмат ѳтѳгѳн.
1993 – 1994 жылдары Ош облусунун мамлекеттик салык кызматында инспектор.
1994 – жылы Ош облусунун салык башкармалыгынын полициясында тергѳѳчү.
1994 – 1998 жылдары Ош бажысында башкы инспектор, начальниктин орун басары, началник болуп иштеген.
1998 – 1999 жылдары ТУ «Югфармациясында» юрист.
1999 – 2000 жылдары ОсОО « Талас – Ош Компаниясында » директор.
2000 – 2005 жылдары II чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенещинин депутаты. 2005 – жылы Киреше боюнча комитеттин тѳрагасы жана Кыргыз Республикасынын каржы министринин орун басары.
2005 – 2007 жылдары III чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенещинин депутаты.
2007 – 2010 жылдары Кыргызстан Коммунистер партиясынын тизмеси боюнча IVчакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенещинин депутатыгына шайланган.
2011 – 2012 жылдары Кыргызстан Коммунстер партиясынын тѳрагасы.
2012 – 2014 жылдары Мамлекеттик салык кызматынын тѳрагасы.
2015 жылдын 4-октябрында « Ѳнүгүү - Прогресс» саясий партиясынын тизмеси боюнча VIчакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенещинин депутаты болуп шайланган.