Матраимов Искендер Исмаилович

Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети
6
Жыйынга келген жок
1675
Добуш
22
Демилге

Баруу статистикасы

26
Келди
1
Жок болду
58
Келди
1
Жок болду
52
Келди
1
Жок болду
17
Келди
3
Жок болду

Таржымал

1962-жылдын 9-октябрында Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Агартуу айылында туулган. Жогорку билимдүү. 1990-жылы К.И.Скрябин атындагы Айыл-чарба институтун аяктап, зооинженер адистигине ээ болгон. 1997-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинде юриспруденция багыты боюнча экинчи жогорку билимин алган. Эмгек жолун 1982-жылы Кара-Суу районунун Калинин атындагы колхозунун зоотехниги болуп баштаган. 1983-86-жылдарда Кара-Суу агроөнөржай биримдигинде зоотехник болуп иштеген. Ушул эле жылы Кара-Суу районунун “Коммунизм” колхозунда зоотехник – селекционер катары кызмат кылган. 1986-жылдын декабрь айынан 1989 жылга чейин Кара-Суу району боюнча райондук комсомол уюмунун уюштуруу бөлүмүндө инструктор болгон. 1989-1991-жылдары Кыргызстан ЛКЖСнын Ош облустук комитетинде уюштуруу бөлүмүндө инструктор, сектор башчы, бөлүм башчы болуп эмгектенген. 1991-2003-жылдары Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу комитетинин ар кандай кызматтарында иштеген: 1991-жылы Ош аймактык фондунда башкы адис, 1992-жылы бөлүм башчы, 1995-1999-жылдары Кайра түзүү жана ликвидация башкармалыгынын жетекчиси, 1999-2003-жылдары Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу комитетинин Ош-Жалал-Абад-Баткен аймактык башкармалыгынын башчысынын орун басары жана башчысы кызмат орундарын ээлеген. 2003-жылдын июлунун 2006-жылдын августуна чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат боюнча мамлекеттик комиссиясынын Ош шаардык башкармалыгынын башчысы болуп эмгектенген. 2006-жылдан тартып 2015-жылдын октябрь айына чейин Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын түштүк аймактык өкүлчүлүгүнүн жетекчиси болгон. 2015-жылдын 4-октябрында Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутат болуп шайланган. Жогорку Кеңештин Укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары. Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы. 2009-жылы Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик кызматтын мыктысы” төш белгисине ээси

Депутаттын демилгелери

Кийинкисин көрсөтүү
«Эл аралык өзгөчө жардам жөнүндө» Мыйзамдын долбоору
Кабыл алынды
Каттоо номери : Номери: 6-28354/16
Күнү: 28.11.2016