1975-жылдын 13-мартында Ош облусунун Кара-Суу районундагы Папан айылында туулган.
Жогорку билимдүү. 1997-жылы Ош технологиялык университетинин «инженер-технолог» адистигин, 2000-жылы Ош технологиялык университетинин юридика факультетин, 2007-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин финансы жана кредит факультетин, 2012-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясын бүтүргөн.
Эмгек жолун 2003-2005-жылдары «Алимбеков» биргелешкен ишканасынын директорлугунан баштаган.
2005-2006-жылдары Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин жетектөөчү адиси болуп иштеген.
2008-2010-жылдары жоопкерчилиги чектелген «Папан Курулуш» ишканасынын директору болуп эмгектенген.
2008-2010-жж. - Бишкек шаардык кеңешинин депутаты, Свердлов райондук аймактык депутаттык топтун жетекчиси болгон.
2010-жылы «Республика» партиясынын тизмеси менен V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. Жогорку Кеӊештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасынын орун басарыболгон.
2015-жылдын 4-октябрында “Кыргызстан” саясий партиясынан VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.
2015-жылдын 6-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары кызмат ордуна шайланган.
Үй-бүлөлүү, 5 баланын атасы