Жалал-Абад областынын Сузак районунун Кара-Март айылында 1972-жылдын 5-февралында төрөлгөн.
Жогорку билимдүү. 1994-жылы Кыргыз Мамлекеттик Университетин “экономист” адистиги боюнча бүтүргөн.
Эмгек жолун 1994-жылы Жалал-Абад Коммерциялык институтунда окутуучу болуп иштөө менен баштаган.
1997-1998-жылдары Ош шаардык мэриясында башкы бухгалтер болуп иштеген.
1998-2000-жылдары Жалал-Абад областынын мамлекеттик администрациясында башкы адис.
2000-2001-жылдары Жалал-Абад областынын областтык статистикалык комитетинин төрагасынын биринчи орун басары.
2001-2003-жылдары Жалал-Абад областынын мамадминистрациясынын бөлүм башчысы.
2003-2004-жылдары Базар-Коргон районунун мамадминистрациясынын аким-башчысынын орун басары.
2004-2006-жылдары Базар-Коргон районунун мамадминистрациясынын аким-башчысынын биринчи орун басары.
2006-2007-жылдары Ош шаарындагы “Ак каz” (Арак заводу) ЖЧКсынын директору.
2007-2010-жылдары Кара-Балта шаарындагы “КСЗ” мамлекеттик ишканасынын директору.
2011-2012-жылдары Кара-Балта шаарындагы “Апроса” (Кара-Балта кант комбинаты) АКынын башкы директорунун орун басары.
2012-2015-жылдары Шопоков шаарчасындагы “Bear Beer” (пиво кайнатуучу завод) ЖАКынын президенти, “КСДП” фракциясынан Кара-Балта шаарындагы шаардык кеңештин депутаты.
2016-жылдын 17-февралынан азыркы мезгилге чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылышына депутат.
Үй-бүлөлүү, төрт баласы бар.