Нышанов Сайдулла Канболотович

Бюджет жана финансы боюнча комитети
17
Жыйынга келген жок
1471
Добуш
24
Демилге

Баруу статистикасы

20
Келди
7
Жок болду
53
Келди
6
Жок болду
50
Келди
3
Жок болду
19
Келди
1
Жок болду

Таржымал

1966- жылдын 20- январында Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Көк-Алма айылында туулган. Жогорку билимдүү. 1993-жылы К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин “ветеринардык дарыгер” адистигин аяктаган.1996-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юриспруденция адистиги боюнча жогорку билимге ээ болгон. Эмгек ишмердигин 1993-жылы жеке ишкерликтен баштаган. 2005-жылы III чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. 2006–2007- жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бийик тоолуу, алыскы региондордун жана климаттык шарттары оор райондордун маселелери боюнча комиссиясынын төрагасы болгон. 2010-2012- жылдары – «Петрол Групп» ЖЧКсынын тышкы башкармалыгынын жетекчиси; 2012–жылы Ата-Мекен» социалистик партиясынын тизмеси менен Vчакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатыболуп шайланган. Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин төрагасы болгон. 2015 жылдын 4-октябрында Ата-Мекен» социалистик партиясынын тизмеси менен VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. Үй-бүлөлүү, төрт баласы бар. Мамлекеттик кызматтын II - класстагы мамлекеттик кеңешчиси; 2013-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйланган.

Депутаттын демилгелери

Кийинкисин көрсөтүү