Cамаев Урматбек Обозбекович 1986-жылдын 25-майында Чүй районунун Онбир-Жылга айылында төрөлгөн. 2004-жылы Чүй районундагы №2-орто мектебин бүтүргөн. 2012-жылы Каракол шаарындагы Юридикалык академиянын, Юриспруденция факультетин бүтүргөн. 2006-2007-жылдары Каракол шаарындагы Балдардын жана өспүрүмдөрдүн олимпиялык резерв мектебинде бокс боюнча тренер. 2012-жылдан 2015-жылга чейин Токмок шаардык кеңешинин депутаты. 2016-жылынын январь айынан баштап Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты. “Келечек” жаштар кыймылынын Лидери жана Чүй районунун жана Токмок шаарынын “Көк-Бөрү” федерациясынын Президенти.
2018-жылдын 5-июлунан баштап Кыргыз Республикасынын "Көк-Бөрү" Федерациясынын Вице-президенти.
Үй бүлөлүү, эки баланын атасы.