1978-жылы 12-январда Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Көктонду айылында туулган.
Жогорку билимдүү. 2000-жылы «юрист» адистиги боюнча Ош мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин бүтүргөн.
2000-жылы Ош техникалык университетине караштуу аскердик кафедрасын аяктап, запастагы кичи лейтенант. 2001-жылы Ош облусундагы «Жаркынай» жоопкерчилиги чектелген коомунда юрист-консультант; 2010-2011-жылдары «Жылдызбек» күзөт агенттигинин жетекчиси; 2011-2015-жылдары «Золотой орех» жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси. 2012-2015-жылдары Могол айыл округунун айылдык кеңешинин депутаты. 2014-жылы Базар-Коргон районунун «Ардактуу атуулу».
2015-жылдан азыркы күнгө чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын «Республика-Ата Журт» партиясынын депутаты. Грек-рим күрөшү боюнча спорттун чебери.
Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы.