1968-жылдын 2-февралында Фрунзе шаарында туулган.
Жогорку билимдүү. 1993-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун (КММИ) дарылоо факультетин бүтүргөн. 1995-жылы КММИнин №1 Акушердик жана гинекология кафедрасынын базасындагы клиникалык ординатураны акушер-гинеколог адистиги боюнча аяктаган.
Эмгек жолун 1985-жылы КММИнин демейки физиология кафедрасында лаборант болуп иштөө менен баштаган.
1995-2004-жылдары №2 поликлиникада акушер-гинеколог врачы болуп иштеген. (2000-жылы ал врач болуп иштеген ҮВТ №2 ҮМБ болуп кайрадан аталган).
2004-жылдан 2014-жылга чейин №6 ҮМБда врач гинеколог-эндокринолог болуп эмгектенген, жогорку категориядагы врач.
2008-2014-жылдары Бишкек шаарындагы Саламаттыкты сактоо департаментинин өспүрүмдөр боюнча башкы врачы.
2010-2014-жылдары Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо боюнча өспүрүмдөр медицинасы курсунун башчысы (КММИӨ жана КК).
2014-жылдан тартып саламаттык сактоо ишин КММАнын кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо (КММИӨ жана КК) боюнча “Акушердик, гинекология жана репродуктология” жана Кыргыз-россия славян университетинин (КРСУ) “Коомдук ден соолук жана саламаттыкты сактоо” (айкалыштырып иштөө) кафедраларынын доценти катары илимий-педагогикалык иш менен айкалыштырган.
2015-жылы Энени жана баланы коргоо улуттук борборунун (ЭБКУБ) улук илимий кызматкери;
2015-жылдын 1-апрелинен 2015-жылдын 3-декабрына чейин Энени жана баланы коргоо улуттук борборунда (ЭБКУБ) уюштуруу-усулдук иштер боюнча директордун орун басары.
2015-жылдын 4-декабрында Кыргызстан Социал-демократтар партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.
2018-жылдын 2-октябрында «Кыргыз Республикасынын Эмгек синерген даарыгери» наамы ыйгарылган
Үй-бүлөлүү, эки баланын энеси.
Медицина илимдеринин доктору.
2007-жылы медицина, илим, билим берүү номинациясы боюнча “Жылдын адамы” ардактуу дипломун алган.
2008-жылы Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин “Саламаттыкты сактоонун отличниги” төш белгиси менен сыйланган.