1958–жылдын 7-октябрында Ош облусунун Ленин районундагы Шайдан айылында туулган.
Жогорку билимдүү. 1978-жылы Майлы-Сай шаарындагы техникалык училищаны артыкчылык диплому менен аяктаган. 1983–жылы Фрунзе шаарындагы Политехникалык институтун тоо инженер механиги адистиги боюнча бүтүргөн.
Эмгек жолун 1983-1998 - жылга чейин, Жалал-Абад облусуна караштуу Көк-Жаңгак шаарында “Көк-Жаңгак” шахтасында электрослесарь кызматынан баштап, ушул эле шахтынын директоруна чейин кызмат өтөгөн. 1998-2015–жылга “Тегене” ЖЧКсынын директору болуп ищтеген.
1987-1989–жылдарында, 1992-1994-жылдары эки чакырылышта Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаты.
2008-2012-жылга чейин Таш-Көмүр шаардык кеңешинин депутаты. 1999–жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен “Кыргыз Республикасынын өнөр жай тармагына эмгек сиңирген кызматкери” деген ардактуу наам ыйгарылган.
2013-жылы “Ак-Жүрөк” лауреат сыйлыгын, ошондой эле Таш-Көмүр шаарынын жана Аксы районунун “Ардактуу аттуулу” деген наамдардын ээси.
2015-жылдын 4–октябырында “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынын тизмеси боюнча VI – чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына шайланган.
Үй бүлөлүү, алты баланын атасы.