1976-жылдын 07-майында Кыргыз республикасынын Баткен облусунун Лейлек районунун Чимген айылында туулган.
Жогорку билимдуу. 2005-жылы К.И. Скрябин атындагы Кыргыз Агрардык университетин «Бухгалтердик эсеп жана аудит» адистигине ээ болгон.
Эмгек жолун 1995-жылы Бишкек шаарындагы «Датка» жоопкерчилиги чектелген коомдо экспедитор, менеджер болуп иштөө менен баштаган.
1999-2000-жылдары «Торговый дом качества» жабык типтеги акционердик коомдо директордун орун басары.
2001-2003-жылдары Бишкек шаардык финансалык башкармалыктын ички аудит бөлүмүндө жетектөөчү адис.
2003-2007-жылдары Талас, Чуй облустары жана Бишкек шаары боюнча ички аудит бөлүмүндө жетектөөчү адис.
2012-2013-жылдары «КыргызНефтьПром» жоопкерчилиги чектелген коомунда аткаруучу директор.
2013-2014-жылдары «ГлавНефтеГаз» жабык акционердик коомунда генералдык директор.
2015-жылы “Республика –Ата Журт” саясий партиясынын тизмеси боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылышына депутаттыгына шайланган.
Үй-бүлөлүү, беш баланын атасы.